Эмки өкмөттө эмне өзгөрүү болот?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда Сапар Исаков баштаган кезектеги өкмөт отставкага кетти. Бул жолу өкмөт парламенттин ишеним көрсөтпөшү себеп болду. Исаков баштаган өкмөттүн отставкага кетиши коомдук-саясий абалга кандай таасир тийгизет? Кыргызстанды кандай өкмөт жана кандай премьер-министр күтүүдө? Бул суроолорго “Азаттык” талкуусунда жооп издеди. Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы депутат Чыныбай Турсунбеков, Социал-демократтар фракциясынан депутат Аида Касмалиева жана коомдук саясий ишмер Ишенбай Кадырбеков катышты.