Сот Тогуз-Тородогу башаламандыкка байланыштуу кармалган үч аялды бошотту

Тогуз-Тородогу өрттөлгөн имарат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-апрелде Тогоз-Тородогу башаламандыкка байланыштуу кармалган 15 кишинин бөгөт чарасын карады. Натыйжада үч аял “өлкөдөн чыкпоо” жөнүндө тилкат менен бошотулуп, калган 12 адам Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 15 киши кармалганы 17-апрелде белгилүү болгон. Ушул эле күнү Тогуз-Торонун борборунда жүздөгөн, Бишкекте 50дөн ашуун киши кармалган адамдарды бошотууну жана Макмал кенинде алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын курулушун токтотууну талап кылып митингге чыгышкан.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов Жогорку Кеңештин алдына митингге чыккандар окуяга тиешеси бар деген беш кишинин аты-жөнүн беришкенин, алар тергөө кызматына өткөрүлүп берилгенин “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, бул иш "резонанс жаратып" жатканы үчүн ИИМдин тергөө кызматына алынган. (КЕ)