Мьянма бийлиги рохинжаларды мекенине кайтара баштады

Мьянмалык качкындар Бангладештин аймагында. World Press Photo-2018 сынагына сунушталган сүрөт.

Мьянма өкмөтү коңшу Бангладешке качып өткөн мусулман-рохинжалардын арасынан биринчи үй-бүлөнү мекенине кайтарганын жарыялады.

AFP агенттигинин маалыматына караганда, бийликтин аёосуз мамилесинен корккон 700 миң рохинжа Мьянмадан Бангладешке качып барган.

Укук коргоочулар Мьянмага кайтып бара турган мусулмандардын коопсуздугу коркунучта экенин, бийлик азыр пропаганда саясаты менен алектенип жатканын айтышууда.

Мьянмада мусулман-рохинжалар 2017-жылдын августунда бул өлкөнүн бийлиги тарабынан катуу репрессияга жана зомбулукка кабылган. Алар Бангладешке качууга аргасыз болгон.

Бириккен Улуттар Уюму мындай аракеттер үчүн Мьянманы айыптап, рохинжаларды кысымга алуу мыкаачылык жагынан этникалык тазалоо катары эсептелерин билдирген. Мьянма бийлиги муну четке кагып, аскерлер куралдуу козголоңчуларга каршы операция жүргүзгөнүн айткан.

Бангладеш менен Мьянма бозгундарды мекенине кайтаруу жараяны башталганын бир нече жолу жарыялаганы менен ишке ашкан эмес.