Орусия Сирияга байланыштуу ЖККУну чукул жыйынга чакырды

Орусия Сириядагы кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун туруктуу кеңешинин чукул жыйынын чакырганын 14-апрелде РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, бүгүнкүгө белгиленген жыйын аталган уюмга мүчө мамлекеттердин элчилеринин деңгээлинде өтөт.

Ага ЖККУнун баш катчысы Юрий Хачатуров да катышары айтылды.

Уюмга Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

АКШ, Франция жана Британия Сирияга химиялык куралдан улам абадан сокку урууга бүгүн эртең менен киришкен. Анын алдында Америка президенти Дональд Трамп соккулардын башталганын жарыялаган. АКШ жана анын өнөктөштөрү 7-апрелдеги Дума шаарындагы химиялык чабуул деген окуядан улам Сирияга жооп кайтаруу маселесин бир аптадан бери караштырып жаткан. Анда кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылган, арасында балдар да бардыгы айтылган.

Москва менен Дамаск бул окуяны “чагым” деп атап, эч кандай химиялык чабуул болбогонун билдирип келет.