Өзбекстан жабык жайларга эки миңден ашык камера койду

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын убактылуу кармоочу жайларына 1814, тергөө абактарына 123, атайын кабыл алуу жайларына 25 жана туруктуу жашаган жери жок адамдардын реабилитациялык борборлоруна 283 видеокөзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Пулат Бобожонов билдирди.

Анын айтымында, камералардын 965и убактылуу кармоочу жайларга, 327си сурак берүү жана адвокаттар менен жолугушуу бөлмөлөрүнө, 364ү коридорлорго, 161и камактагылар сейилдеген жерлерге, 307си абак имараттарынын айланасына жана 121и адамдарды текшерүү жайлары менен ашканаларга орнотулду. Министр бул жарандарды кыйноого алуу, аларга психологиялык жана физикалык жактан таасир этүү фактыларынын алдын алуу чарасы экенин кошумчалады.

Маалыматка караганда, тергөөчүлөрдүн иш бөлмөсү менен тергөө абактарына көзөмөл камералары тергөөнүн жүрүшүндө мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо максатын көздөйт.

Көзөмөл камераларын, мониторлорду жана серверлерди сатып алууга Өзбекстандын Каржы министрлигинин алдындагы бюджеттен сырткары фонддон 5,2 миллиард сум (643 миң доллардан ашык каражат) жумшалганы кабарланды.