"Роскомнадзор" Орусиянын аймагында "Телеграмга" тыюу салды

Орусиянын байланыш, маалымат технологиялары тармагын көзөмөлдөгөн "Роскомнадзор" мекемеси "Телеграм" социалдык түйүнүн өлкө аймагында тыюу салынган сайттардын тизмесине кошту. Мындай маалымат Москва сотунун "Телеграм" тууралуу чечиминен көп өтпөй мекеменин сайтына жарыяланды.

Бүгүн (13-апрелде) Москванын Таганский райондук соту Орусиянын аймагында "Телеграм" социалдык түйүнүн жабуу тууралуу "Роскомнадзордун" өтүнүчүн канааттандырган. Аталган мекеме "Телеграм" Орусиянын атайын кызматына социалдык түйүндүн колдонуучуларынын даректерине кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүдөн баш тартканы үчүн сотко кайрылган.

"Телеграмдын" негиздөөчүсү Павел Дуров бул социалдык түйүн жабылган сайттарды ачып бере алган VPN кызматтарынын жардамы менен Орусияда ачыла берерин айтты.

"Купуялуулук сатыкка коюлбайт жана коркуу адам укуктарына шек келтирбеши керек", - деп жазды 13-апрелде Дуров. Ал мындан төрт жыл мурда Орусиядан чет өлкөгө чыгып кеткен.