Бишкекте абактагы активист Ормуковду колдогон пикет өттү

Темирлан Ормуков.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров пикетке чыгып, көзү азиз акын Темирлан Ормуковдун камалышын айыптады. Акция 13-апрелде Жогорку Кеңештин алдында өттү.

Токтонасыров көзү азиз акын-активисттин камалышын саясий ката деп баалап, майып адамды кыйноо катары сыпаттады.

- Ормуковдун үстүнөн арызданган депутат Дастан Бекешев менен жолугуп, сүйлөшүүнү каалагам. Бирок ал жолукпады, - деди Токтонасыров.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев активисттин пикири туура эмес экенин айтты:

- Өндүрүш Токтонасыров менен мурда сүйлөшкөнбүз. Аны өткөн жума күнгө саат 10го келишин сурангам. Анын келерин парламент имаратына кирип-чыккандарды көзөмөлдөгөн кызматкерлерге да айтып, күткөнмүн. Бирок келбеди. Бүгүн мага телефон чалып, "Ак үйдүн алдына келдим, каяктасыз?" дейт. Мен жумуштар менен башка жакта жүргөнмүн.

Темирлан Ормуков учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында. Анын мурдагы президентти сындаган ырынан “аймак аралык кастыкты козгоонун белгилери табылды" деп, “Жалаа жабуу” беренеси боюнча айыпталган. Арызды милицияга Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жазган. Бишкектин Октябрь райондук соту Ормуковду "соттук отурумдарга келбей жатат" деген жүйө менен бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Буга улай анын батири да камакка алынган.

Ормуков бул кылмыш иштерин саясий куугунтук катары баалап келет. (SE)