14-апрелде күн 27 градуска чейин жылыйт

Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызгидромет” ишканасы ушул күндөрү өлкөнүн тоолуу жолдорунда кар көчкү коркунучу бар экенин эскертти. Дарыяларда суу кирип, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал.

14-апрелде жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10, Чүй өрөөнүндө 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 22..27,

Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 19...24,

Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 12...17,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...5.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10, күндүзгү жогорку температурасы 25…27 градус жылуу болот.

Кыргызстанда 16-апрелден тартып аба ырайы өзгөрүп, 20-апрелге чейин жаан-чачын болору эскертилди.