Жалал-Абаддагы борбордук базар күйүп кетти

Жалал-Абаддагы борбордук базар, өрттөн кийинки көрүнүш.

Жалал-Абад шаарында борбордук базар өрттөнүп, 1344 чарчы метр соода аймагы күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык 13-апрелге караган түнү саат экиге жакын башталган.

Аталган базарда негизинен азык-түлүк сатылчу. Өрткө каршы кызмат, Экотехинспекция эки күн мурда базарда рейд өткөрүп, өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбай турганын аныктаган. Базар жетекчилигине эскертүү берилген. (RsK)