Кыргызстан Европа менен Орусиянын ымаласы жанданышын каалайт

Данияр Сыдыков.

Кыргызстан Европа менен Орусиянын ортосундагы мамиленин жөнгө салынышын каалайт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Брюсселдеги иш сапарынын жүрүшүндө президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Журналисттерди Орусия менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы мамиле кыргыз президентинин Европа Биримдигинин жетекчилери менен жолугушуусунда сөз болгон-болбогону кызыктырды.

Сыдыков Кыргызстан үчүн Орусия менен стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү маанилүү экенин белгиледи. Ошону менен катар ал расмий Бишкек Европа Биримдиги менен олуттуу түрдө кызматташтык жүргүзүүгө умтулаарын билдирди.

- Биз үчүн демократиялык баалуулуктарды, парламенттик демократияга карай жолубузду бышыктоо абдан маанилүү. Ошондуктан Европа менен Орусиянын ортосундагы мамиленин тезинен жөнгө салынышына ынтызарбыз. Тараптардын ортосундагы жакшы диалог үчүн Кыргызстандан эмне талап кылынса, анын баарын аткарууга даяр, - деди Сыдыков.

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде Бельгиянын борбору Брюсселге эки күндүк иш сапары менен барды. Ал Европа Биримдигинин жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Орусиянын мурдагы чалгынчысы Сергей Скрипаль кызы экөө Британиядан ууланган соң аны Москвадан көргөн Батыш менен Орусиянын ортосундагы мамиле мурдагыдан бетер солгундап кеткен. Британия баштаган Европанын бир катар өлкөлөрү өз аймагындагы орусиялык дипломаттарды чыгарып жиберген. (BkA)