АI: өлүм жазасына тартылгандар Иранда, Саудияда, Иракта жана Пакистанда эң көп

Өлүм жазасына каршы Мароккодогу акция. 2013-жылы тартылган сүрөт.

Мындай бүтүм "Эл аралык мунапыс" уюмунун жаңы жарыяланган баяндамасында айтылат. Анда келтирилген маалыматтарга караганда, 2017-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдө адамды өлүм жазасына кесүү жана андай өкүмдөрдү аткаруу азайды, бирок бул көрсөткүч Иран менен Пакистанда жогору бойдон калууда.

"Эл аралык мунапыстын" эсебинде, былтыр өлүм жазасы боюнча 993 өкүм ишке ашырылды. Анын ичинен Иранда 507, Сауд Арабиясында 146, Иракта 125, Пакистанда 60 өкүм аткарылды. Бирок бул көрсөткүчтөргө Кытайдагы өлүм жазасы боюнча маалыматтар кирбейт. Миңдеген адамдар өлүм жазасына тартылган Кытай буга байланышкан маалыматтарды мамлекеттик сыр катары сактайт.

Иранда былтыр кеминде 31 адам эл алдында дарга асылган.

"Эл аралык мунапыстын" баяндамасында көрсөтүлгөндөй, кеминде 7000дей адам өлүм жазасына тартылуу коркунучуна кабылган. Башкача айтканда аларга карата өкүм чыккан, бирок аткарыла элек.

Буга чейин дүйнөдө өлүм жазасы боюнча өкүмдөр эң көп аткарылган учур 2015-жылы катталган, анда 1600 адам өлүм жазасына тартылган. (UE)