Эсеп палатасы: АРИС мамлекетке 97,9 миң сомдук зыян келтирген

Иллюстрациялык сүрөт.

Эсеп палатасы Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ишиндеги 2015-16-жылдар үчүн натыйжасын текшерди. Анда "Карыз милдеттеринин конверсиясы III – коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыкты азайтуу" деген долбоордо каражаттын натыйжалуу колдонулушу боюнча текшерүү жүрдү.

Жыйынтыгында мамлекетке 97,9 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталды. Мунун ичинен 24,5 миң сому аткарылбаган иштер үчүн, 73,4 миң сому долбоордон тышкаркы курулуш иштерине төлөнүп берилген. 2016-жылы бир эле адамдын эки долбоордо иштегенине ылайык, айлык акы фонду 4309,2 миң сомго көбөйүп кеткен.

Текшерүүдө белгиленгендей, АРИСке берилген айрым гранттар Финансы министрлигин кыйгап, Дүйнөлүк банк тарабынан берилет. 2015-2016-жылдары АРИС тарабынан ишке ашырылган долбоорлордун суммасы 2 872,0 миң долларды (196 444,8 миң сом) түзөт.

Эсеп палатасы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча АРИСтин жетекчилигине кетирилген мүчүлүштүктөрдү жоюуну тапшырган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Эсеп палатасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) 2003-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин чыңдоо, коомдоштуктарды жана жамааттык уюмдарды күчөтүш үчүн инвестицияларды тартуу боюнча жасалып жаткан иштерди андан ары улантуу максатында түзүлгөн. (ZKo)