Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутеррештин билдиргенине караганда, ал Коопсуздук кеңешинин вето укугуна ээ болгон мүчөлөрүнүн элчилерине “азыр туңгуюкта турган кооптуу жагдайларга байланыштуу терең тынчыздануусун айткан”. Вето укугу АКШда, Британияда, Францияда, Орусияда жана Кытайда бар.
Гутеррештин айтымында, ал “кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетпеши зарыл экенин баса белгиледи”.
Ал арада АКШнын мурдагы президенти Жимми Картер “Ассошейтед пресс” маалымат агенттиги менен болгон маегинде президент Трампты “Түндүк Кореяга, Орусияга же Сирияга” байланышкан маселелерди “көбүртүп-жабыртпай же курчутпай”, АКШны “тынчтыкта кармоого” чакырды.
93 жаштагы мурдагы президенттин айтымында, бир жолу урулган кадимки ракеталык сокку да өзөктүк куралы бар эки держава аралашканда көзөмөлдөн чыгып кетчү “коркунучтуу нерсеге” айланышы мүмкүн.
Президент Дональд Трамп Сириядагы соңку химиялык чабуул катары болжолдонгон окуядан улам бул өлкөгө ракеталык сокку ураарын 11-апрелде ачык эле билдирген.
Сирияда Чыгыш Гута аймагында козголоңчулардын колунда турган Дума шаарчасында 7-апрелде хлор газы колдонулган химиялык чабуул болгону тууралуу маалымат тараган. Активисттердин, оппозиция өкүлдөрүнүн, куткаруучулардын айтымында, анын айынан кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылган, алардын арасында жаш балдар да бар.
Дамаск менен Москва "эч кандай химиялык чабуул болгон эмес" деп жатышат. Орусия болсо Сирияга ракеталык сокку уруунун кесепети “өтө оор“ болорун эскерткен.
Сириядагы химиялык чабуул деп болжолдонгон окуяга аскердик жооп берүү маселесин бүгүн Британиянын өкмөтү да талкуулаганы жатат. Британиянын премьер-министри Тереза Мэй кечээ бардык белгилери адамды “шок кылган жана жапайычылык актыга” Сириянын өкмөтү жоопкер экенин көргөзүп жатканын белгиледи.
10-апрелде Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириядагы соңку химиялык чабуул катары болжолдонгон окуяны иликтөө маселесинде мунаса таба албай, туңгуюкка кептелген. (UE)