Иманалиев: Өкмөт Кумтөр келишимине кол койгону үчүн кетиши керек

Каныбек Иманалиев.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт Кумтөр келишимине кол койгону үчүн кызматтан кетиши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө билдирди.

- Кумтөр боюнча бул өкмөт сөзсүз кызматтан кетиши керек. 2009-жылдан бери келишимге кол коюла элек болчу. Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев да кол койбой койгон. Сапар Исаков бейшемби күнү жумушка келип, дүйшөмбүдө келишимге кол коюп койду. Бул улуттук кызыкчылыкты тебелегенге барабар.

Иманалиев Кумтөр келишими боюнча кылмыш ишин козгоо жаңы башкы прокурорго тапшырылаарын айтты.

2017-жылдын 11-сентябрында өкмөт менен "Centerra Gold Inc." компаниясынын ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган. Ага ылайык “Кумтөр” компаниясы “Калыбына келтирүү фондуна” жыл сайын 6 млн. доллар бөлүп турат. Келишим боюнча бул каражаттын минималдуу көлөмү 69 млн. долларга жетиши керек жана келечекте акча Англиядагы банктан Кыргызстанга которулууга тийиш.

Ошондой эле онкологиялык кызматты өнүктүрүүгө канадалык инвесторлор 10 млн. доллар бөлүүгө даяр экенин айтышкан. Ошол кезде жаратылышты коргоочу активисттер "өкмөт жең ичинен “Кумтөргө” жеңилдиктерди берген болушу мүмкүн" деп шектенип, документтин толук версиясын ачыкка чыгарууну талап кылышкан.

Кыргызстанда Кумтөр маселеси акыркы алты жылдан бери чечилбей келет. Буга чейин бийликке келген ар бир өкмөт бул маселени чечүүгө убада берип, бирок майнап чыккан эмес. (КЕ)