Жалал-Абад шаарынын мэри кызматтан кетпейт

Салайдин Авазов

Шаар мэри Салайдин Авазов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган деген маалымат чындыкка дал келбесин "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Шаардык кеңештеги айрым фракциялардын депутаттары мени негизсиз каралап, жалган маалыматтарды таратып жатышат. Ден соолугума байланыштуу 10-24-апрель күндөрү эмгек өргүүгө чыгуу үчүн арыз жаздым. Шаар үчүн быйыл жасай турган иштер толтура. Ошондуктан эс алуум бүткөн соң кайра жумушка чыгам, - деди Авазов.

Буга чейин шаардык кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Майрамбек Адылбеков шаар мэри Салайдин Авазов Бишкек ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу Парламенттик жана өкмөттүк комиссиялардын отурумдарына катышып, иш ордунда болбой жатканын айтып чыккан. Салайдин Авазов 2012-2014-жылдары жогорку чыңалуудагы "Электрстанциялар" ААКсынын генералдык директору болуп иштеген. (RsK)