Жогорку Кеңеш баш прокурорду кызматтан алуу маселесин карай баштады

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш депутаттары баш прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун сунушун бүгүн жалпы жыйында карай баштады.

Эл өкүлдөрүнө Президенттик аппараттын башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекет жетекчисинин сунушу боюнча баяндама жасады. Анда прокуратура органы өз милдетин так аткарбай калганы, адам укуктарын одоно бузганы белгиленди.

Баш прокурор Жогорку Кеңешке кат жолдоп, маселени өзү жок эле карай берүүнү сураганын спикер Дастанбек Жумабеков билдирди.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелери жана регламент комитети президент Жээнбековдун башкы прокурор Жолдубаеваны кызматтан алуу жөнүндө сунушун 10-апрелде карап, көпчүлүк добуш менен колдогон.

Ага чейин "Ата Мекен" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары Жолдубаеванын 2017-жылдагы ишин "канааттандырарлык эмес" деп тапкан.

Фракциялар жыйынына Жолдубаева катышкан эмес, анын орун басары Бөкөнбай Казаков депутаттарга баш прокурор ооруп жатканын билдирген. (SЕ)