Таиланддын Чиаңмай шаарында өткөн шахмат боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык бир тууган шахматчылар Айжан Съездбекова жана Руслан Съездбеков алтын, күмүш жана коло байгеге ээ болушту. Кыргызстандын шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда мелдеш 1-апрелден 9-апрелге чейин өттү. Байгелер шахматтын рапид, блиц жана классикалык түрү боюнча сегиз жаштан 18 жашка чейин (8,10,12,14,16,18) алты курактагы кыздар жана эркектер арасында ойнотулду.
Chess-results.com сайтындагы маалыматка таянсак, мелдештин жыйынтыгында жети жаштагы Айжан Съездбекова сегиз жашка чейинкилер арасында шахматтын рапид түрүнөн алтын, блиц түрүнөн күмүш медал тагынды. Шахматтын классикалык түрүнөн 7-катарда жайгашты. Айжандын агасы Руслан Съездбеков 16 жашка чейинкилер арасында шахматтын рапид түрүнөн коло байге алып, блиц түрүнөн 4-орунду ээледи.
Мелдешке Кыргызстандан 12 оюнчу катышты. Жогоруда аты аталган бир тууган шахматчылардан сырткары бул мелдешке катышкан кыргызстандык шахматчылардын арасынан жакшы көрсөткүчтү Чыңгыз Султай камсыздады. Ал эркектер арасында сегиз жашка чейинкилер арасында шахматтын блиц түрүнөн 8-орунду алды. (ECh).
"Азаттыктын" архиви. Шахматчылар үй-бүлөсү. 29.12.2014-ж.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.