Германиянын бир катар шаарларында аэропорт кызматкерлери иш таштап, жүздөгөн аба каттамдары токтотулду. Жумушчулардын укугун коргогон Ver.di профсоюздук уюму мамлекеттик сектордо эки миллиондон ашуун жумушчулардын айлык акысын 6% же 200 долларга көтөрүүнү талап кылып жатат. Каттамдар негизинен Франкфурт, Кёльн, Мюнхен жана Бремен аэропортторунда токтоп турат. "Lufthansa" авиакомпаниясы 1600 каттамынын теңин токтотууга аргасыз болгонун маалымдады.
Иш таштоо 13-апрелге чейин уланаары айтылууда. Андан соң Потсдам шаарында профсоюздар менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы өтөт. Буга чейинки эки жолку сүйлөшүү эч натыйжа берген эмес.