Президент Жээнбеков Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө жолукту

Сооронбай Жээнбековдун Түркиядагы сапары. 9-апрель, 2018-жыл.

Жолугушууга Түркиянын түрдүү шаарларында иштегендер, студенттер катышты. Президент Сооронбай Жээнбеков түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлде өткөнүн жана “тууганча” ачык-айкын сүйлөшкөнүн билдирди.

Анын айтымында, бул сапарда мурда токтоп калган кыргыз-түрк кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча комиссиялар ишин мурдагы деңгээлде улантат.

Ошондой эле Жээнбеков буга чейин өтпөй келген Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин жыйыны сентябрда Бишкекте өтөөрүн кабарлады. Анын айтымында, бул жыйынга Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан да катышат.

- Бул саммитти Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында өткөргөнү жатабыз. Бул оюндарга түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган үй-бүлөсү менен келээрин айтты, - деди Жээнбеков.

Түркиядагы жашаган кыргызстандыктар акыркы учурда мигранттар көбөйгөндүктөн аларга укуктук жардам көрсөтүү зарылчылыгы келип чыкканын билдиришти. Ошондой эле алар Түркияга жумуш таап берээрин билдирген ар кыл алдамчы фирмалар көбөйгөнүн айтып, аларды тартипке салууну президенттен суранышты. Президент бул боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берээрин айтып, көзөмөлгө алууга убада берди.

Сооронбай Жээнбековдун Түркиядагы расмий сапары уланууда. Бүгүн ал түрк премьери жана парламент төрагасы менен сүйлөшүү өткөрөт. (BkA)