Президент Жээнбеков башкы прокурорду кызматтан алууну сунуш кылды

Индира Жолдубаева.

Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушун парламентке жиберди. Бул сунушту 10-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелери жана регламент комитети карап жатат. Бул маалыматты парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу "Азаттыкка" ырастады.

Өткөн жума күнү парламенттеги эки: "Ата Мекен" жана "Республика — Ата Журт" фракциялары башкы прокурор Индира Жолдубаеванын 2017-жылкы ишин "канааттандырарлык эмес" деп табышкан. Фракциялардын жыйынына Жолдубаева катышкан эмес, анын орун басары Бөкөнбай Казаков депутаттарга ал ооруп жатканын билдирген.

2017-жылы 6-мартта Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча башкы прокурордун арызына ылайык "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15 миллион, журналист Нарын Айып 9 миллион, сайт ээси Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ушундай эле айыптоо менен укук коргоочу, экс-депутат Чолпон Жакупова 3 миллион сомго, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган. Бул иштер февраль айында Жогорку сотто каралып, ага чейинки чечимдер өзгөртүлгөн эмес.(ZKo)