Роухани: АКШ келишимди бузса өкүнүп калат

Ирандын президенти Хасан Роухани Улуттук технология күнүн белгилөөгө катышты. 9-апрель, 2018-жыл.

Ирандын президенти Хасан Роухани эгер Вашингтон 2015-жылы жетишилген эл аралык макулдашууну бузса, Кошмо Штаттар ага “өкүнүп калаарын” билдирди.

“Биз алар ойлогондон мыкты даярдыктабыз, эгер алар макулдашууну бузса, бир аптадан кийин жыйынтыгын көрүшөт”, – деди Роухани.

АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран өзөктүк жана курал программаларына жаңы чектөөлөрдү киргизбесе, Кошмо Штаттар макулдашуудан чыгаарын эскерткен.

Роухани “Америкада бийликке бул мырза келген 15 айдан бери анын сөздөрүндө жана жүрүм-турумунда өйдө-ылдый боло бергенин" белгиледи.

Иран лидери ошондой эле макулдашуунун “пайдубалы” бекемдигин, “15 ай ичинде басымга туруштук бергенин” кошумчалады.