Sunday Times: Скрипалдарга аты-жөнүн алмаштыруу сунушталат

Мурдагы орусиялык чалгынчы, Британияда ууландырылган Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия.

Британия мурдагы орусиялык тыңчы, Солсбериде ууландырылган Сергей Скрипал менен анын кызы Юлияга аты-жөндөрүн өзгөртүп, АКШда жашай турган программа сунуштоону караштырып жатат. Бул тууралуу Sunday Times басылмасы өз булактарына таянып жазды. Гезит Британиянын атайын кызматтары бул маселени АКШнын Борбордук чалгын кызматы менен талкуулаганын кабарлады.

Британиянын Тышкы иштер министрлиги аталган маалымат боюнча үн ката элек.

Орусиялык мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын 4-мартта ууландырылышы үчүн расмий Лондон Москваны айыптаган жана "аларды ууландырууда адамдын нервин шал кылган “Новичок” деген уу зат колдонулган" деген бүтүмгө келген.

Москва Лондондун билдирүүсүн “далили жок” деп четке кагууда. Буга жооп чара катары Британия, АКШ баштаган жыйырмадан ашуун мамлекет чыгарган орус дипломаттарынын саны 150дөн ашкан.

Орусия да Батыш жана Европа өлкөлөрүнүн ошончо сандагы дипломаттары чыгарыларын жарыялаган.

6-апрелде Скрипал кызы экөө өздөрүнө келип, оор абалдан чыгышканын дарыгерлер кабарлашты.