Оренбургда түрмөдө отургандар ачкачылык жарыялашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Оренбург облусунда түрмөдө отургандар ачкачылык жарыялашты. Новотроицктеги №3 колонияда жаза өтөп жаткан элүүдөн ашуун киши оорулууларга дары-дармек берилбей, туугандар менен жолугушуу убактылары кыскартылганына каршы болуп, нааразылык башташкан. Бул тууралуу 6-апрелде жергиликтүү басылмаларга таянып "Азаттыктын" орус кызматы кабарлады.

Андан тышкары камераларда адамдын көптүгү, жетекчиликтин кенебестик мамилеси да нааразылыктарга себеп болууда.

Түрмөдөгүлөрдүн жакындары абакта адам укуктары бузулуп жатканын белгилешүүдө. Буга расмий комментарий боло элек.