Эртең, 7-апрелде Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен апрель окуясынын сегиз жылдыгына жана курман болгондорду эскерүүгө арналган иш-чаралар өтөт.
Бул күнү мамлекет башчы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги 2010-жылдагы апрель окуясында курман болгондорду эскерүү мемориалдык дубалына гүл коюу аземине катышат.
Иш-чарага өлкөнүн экс-президенттери Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева чакырылган. Мындан сырткары 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, катышуучулар, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышат.
Ошол эле күнү Сооронбай Жээнбеков 2002-жылы Аксы окуяларынын учурунда жана 2010-жылы Апрель окуяларында Ала-Тоо аянтында курман болгондордун элесине арналган Эл эркиндиги үчүн монументке гүл коёт. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Сегиз жыл мурда 7-апрелде эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан. Куралсыз элге ок атылып, 80ден ашык киши окко учкан. Жүздөн ашуун адам жарадар болгон. Бийликтен кулатылган президент үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.
Кыргызстанда 7-апрель Мамлекеттик майрам жана дем алыш деп жарыяланган. (КЕ)