"Роскомнадзор" "Telegram" социалдык тармагын жабуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылды. Бул тууралуу 6-апрелде мекеменин маалымат бөлүмү кабарлады.
"Интерфакс" агенттиги арыз Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) талабы менен жазылганын маалымдады.
Өткөн аптада "Роскомнадзор" социалдык түйүндүн жетекчилигине койгон мөөнөтү аяктады. Мекеме мессенжердин колдоонучуларынын кат алмашуусун жашырган ачкычтарды ФККга тапшырууну талап кылган.
Ошондо эле атайын кызматтын башчысы Александр Бортников Орусияда былтыр уюштурулган жана ишке ашпай калган теракттарды даярдоо үчүн мессенжерлер колдонулганын билдирген.
Мурдараак Орусиянын Жогорку соту "Telegram" социалдык тармагынын ФККга каршы жазган доо арызын кароодон баш тарткан. Социалдык тармактын жетекчилиги Орусиянын Баш мыйзамына таянуу менен бул талаптын негизсиз экенин айтууда.
Орусия президентине караштуу Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөлөрү "Роскомнадзорду" "Telegram" түйүнүн жабуудан баш тартууга, ал эми атайын кызматты улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген колдонуучулардын кат алмашуусун мыйзамдуу түрдө алыш үчүн башка жолдорду табууну сунуш кылган.