“Ата Мекен” башкы прокурорго ишенбестик көрсөттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы бүгүн башкы прокурордун отчетун укту. Фракция жыйынына Индира Жолдубаева келген жок, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна анын орун басары Бөкөнбай Казаков жооп берди. Фракция прокуратуранын отчетун канааттандырарлык эмес деп баалап, башкы прокурор Индира Жолдубаевага ишенбестик көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алды.