Талас облусунун Кара-Буура районундагы "Манас" орто мектебинде 10-класста окуган кыз өз жанын кыйды. Окуя 5-апрелде күндүз болгон. Маркумдун асынган сөөгү өзү жашаган үйдөн табылганын аталган райондун акими "Азаттык" радиосуна ырастады.
Кыз багып алган ата-энесинин үйүндө тарбияланып жаткан деген маалымат бар. Жергиликтүү милиция окуучунун өлүмүнүн себеби иликтенип жатканын билдирди.
Ушуну менен Таласта акыркы беш ай ичинде үчүнчү окуучу суицидге барды. Алардын экөө Кара-Буура районундагы мектептерде билим алышчу. (AlS)