"Facebook" "троллдор фабрикасынан" улам жүздөгөн аккаунтту жапты

"Facebook".

Интернеттеги "Facebook" социалдык тармагы "троллдор фабрикасына" катышы бар жүздөгөн баракчалар менен аккаунттарды өчүрдү. Бул тууралуу "Facebook" 3-апрелде маалымдады.

Өчүрүлгөн материалдардын көбү Федералдык жаңылыктар агенттигине таандык. Ошондой эле басымдуу бөлүгү орус тилинде.

"Фейсбуктун" негиздөөчүсү Марк Цукерберг "Reuters" агенттигине "Биз жалган аккаунттарды түзүүгө жол бербейбиз, эгерде силер ар дайым мындай аккаунттарды ачып, манипуляция менен алектенсеңер, өзүбүздүн эреже боюнча бардык аккаунттарды жабабыз", - деди.

Орусиянын Федералдык жаңылыктар агенттигинин башчысы Евгений Зубарев бул чечимди "саясий цензура" катары баалап, орус бийлигин ага жооп кайтарууга чакырды.