“Заноза” боюнча ишти караган судья Оморова кызматынан бошотулду

Бишкектин Октябрь райондук соту.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Гүлчехра Оморованы кызматынан бошотту. Анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу жарлыкка президент бүгүн, 3-апрелде кол койду.

Президенттик аппаратттын маалыматык саясаты бөлүмү тараткан кабарда, мамлекет башчысынын жарлыгына Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу негиз болгону айтылат. Сунушта Оморованы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу өтүнүчү келтирилген. Ошол эле кезде мындай сунуш киргизүүгө эмне себеп болгону жазылган эмес.

Судья Гүлчехра Оморова "Zanoza.kg" сайты боюнча соттук отурумда төрайымдык кылганы менен белгилүү. Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирүү тууралуу Башкы прокуратуранын арызын караган Оморова журналист Нарын Айыпты экс-президентке 3 млн. сом доо төлөөгө өкүм кылып, макаланы төгүндөөгө милдеттендирген.

Буга байланыштуу Гүлчехра Оморованы адвокаттар жана жарандык активисттер паракор, адилетсиз жана мыйзамга каршы иштеген соттордун "кара тизмесине" кошушкан. Тизменин түзүүчүлөрү андагы 23 судьяны иштен алууну президенттен талап кылышкан болчу. (ErN)