Жакупбекованын адвокаттык лицензиясы сакталат

Адвокат Ч. Жакупбекова Текебаевдин сотунда. 5-июнь, 2017-жыл.

Оппозициячы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Аида Салянованын адвокаты Чынара Жакупбековага Бишкек шаардык соту тарабынан чыгарылган эки жеке аныктама жокко чыгарылды.

Мындай чечимди Жогорку сот 3-апрелде чыгарганын адвокат өзү "Азаттыкка" билдирди. Айтымында, Бишкек шаарынын Адис Момуналиев баштаган соттук коллегиясы адвокат Жакупбековага карата эки жеке аныктама чыгарган:

- Биринчиси - мени "сот процессине келбей койду" деген негиз менен бир эле жолу барбай калсам чыгарылган. Экинчисинде мени "Өмүрбек Текебаевге мамлекет тарабынан берилген жактоочу Элмира Чоноеваны какты" деген жүйө менен чыгарган. Жогорку сот булардын экөөнү тең жокко чыгарды.

Чынара Жакупбекованын айтуусунда, ага карата чыгарылган дагы бир жеке аныктама бар. Аны Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцова Аида Салянованын сотунда "жарыш сөздү атайылап узак сүйлөдү" деген себеп менен чыгарган. Адвокат бул аныктама боюнча да Жогорку сотко кайрылмакчы.

Адвокатка карата сот тарабынан чыгарылган жеке аныктама аны жактоочулук лицензиясынан ажыратат. (ZKo)