Өкмөт башчы юстиция министрин кызматтан алууну сунуш кылды

Уран Ахметов.

Премьер-министр Сапар Исаков юстиция министри Уран Ахметовду кызматтан бошотуу жөнүндө президентке сунуш киргизди. Бул тууралуу өкмөттүк аппарат маалымдады. Өкмөт башчынын сунуштамасы Уран Ахметовдун берген арызына ылайык жиберилүүдө.

Юстиция министри Уран Ахметов менен Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевди кызматтан алууну Жогорку Кеңеш былтыр декабрда премьер-министрге сунуш кылган болчу. Парламент бул эки аткаминерди Орусиянын аймагында Кыргызстандын тогуз, ал эми Кыргызстандын аймагында Орусиянын эки өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу келишим боюнча алешемдиктерге жол берген деп айыптаган.(ZKo)