Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кечээ Пхеньянда түштүк кореялык ырчылардын концертин көрүп кетти. Буга чейин коммунисттик Кореянын бир да жетекчиси кошуна өлкөнүн артисттери койгон оюн-зоокко эч качан барган эмес.
Grand Theatre деген залда өткөн концертте түштүк кореялык өнөрпоздор поп, рок жана башка жанрдагы ырларын тартуулашты. Ким Чен Ын артисттер менен кол алышып терең ыраазычылык билдирди. Иш-чарага Ким Чен ындын жубайы, карындашы жана бир нече жетекчи барышты.
Он жылдан ашуун убакыттан бери Түштүк Кореянын артисттери кошуна өлкөгө бара элек болчу. 11 музыкалык топ шейшембиде Пхеньянда дагы бир концерт коймокчу. Буга чейин февралда Кышкы Олимпиада маалында түндүктүн артисттери Пхенчхангга барып кетишкен.
Түндүк Кореянын ядролук программасынан улам кыйла начаралаган Сеул менен Пхеньяндын мамилелери аз-аздан оңоло баштагандай. 27-апрелде чек арадагы шаарчалардын биринде эки өлкө лидерлеринин саммити өтмөкчү.