Бишкектеги тойдон уулангандардын саны 89га жетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанында 31-мартта болгон тойдон кийин ууланып, ооруканага кайрылгандар көбөйүп жатат. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчиси Төлө Исаков "Азаттыкка" билдиргендей, кайрылган 89 кишинин 53ү ооруканага жаткырылды. Алардын ону Чолпон-Ата шаарындагы бейтапканада жатат. Ооруканада жаткандардын арасында балдар да бар.

31-мартта “Ала-Тоо” ресторанында Ош, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад аймактарынан келген 200дөй адамдын катышуусунда үйлөнүү тою өткөн. Ага баргандар жана ал жерден кешик алып кеткендер тоок этинен ууланган деген божомол бар. Ресторандын ээлери уулануу боюнча комментарий берген жок.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчиси Төлө Исаков текшерүү жүрүп жатканын, эгерде тазалык эрежелери бузулганы аныкталса ресторан жабылышы мүмкүн экенин кабарлады. ​

Кыргызстанда коомдук тамактануучу жайлардан жапырт ууланган учурлар буга чейин да бир нече ирет катталган. (NT)