Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердарды өлкөнүн вице-премьер министри кылып дайындады. Бул тууралуу Түркмөнстандын өкмөтүнүн расмий веб-сайты кабарлады.
36 жаштагы Сердар Бердымухамедов 2017-жылдын март айынан бери парламенттеги юридикалык иштер боюнча комитетти башкарып келген.
2016-жылы парламентке шайлангыча Сердар Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмүн жетектеген. (BCh)