Малала Юсуфзай Суат өрөөнүнө барды

Нобел сыйлыгынын жеңүүчүсү, жаш активист Малала Юсуфзай 2012-жылы талибдердин кол салуусунан бери алгач ирет Пакистанга барды.

31-мартта Суат өрөөнүнө тик учак менен жеткен 20 жаштагы блогер өзү туулуп-өскөн Мингора калаасындагы агасынын үйүнө барып, туугандары менен учурашты.

29-мартта ал Исламабадда өкмөт башчы Шахид Аббаси менен жолуккан.

15 жаштагы Малала Юсуфзайга 2012-жылы Би-Би-Си дүйнөлүк кызматына талибдердин зомбулугу тууралуу жазган блогдору үчүн кол салышып, оор жараат алгандан кийин Британияга жеткирилген.

Малала Юсуфзай 2014-жылы тынчтык боюнча Нобел сыйлыгын алган. 2017-жылы Оксфорд университетине өткөн. (BCh)