Бейшемби күнү Талас облусунун Манас районунун Жайылган айылында болжол менен түшкү саат 14:00 чамасында чагылган түшкөн. Андан Узун-Булак жайлоосунда жайылып жүргөн жергиликтүү тургундардын он бештей кою кырылган. Бул тууралуу «Азаттыкка» жергиликтүү тургун Нуржан Акматжанов билдирди.
Маалыматка ылайык, чагылгандан адам баласы жабыркаган жок.
29-мартта республиканын дээрлик бардык аймагында жаан нөшөрлөп жааган. Анын кесепетинен Ош шаарындагы айрым үйлөрдү суу каптаган. (AlS)