Алайкуулуктар калың кар түйшүккө салганын кабарлашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Оштун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу аймагына калың кар жаап, эл кыйналып жатканын жергиликтүү тургун Бакыт Бердалиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 28-мартта жаай баштаган кардын калыңдыгы 35 см жеткен. Жарык өчүп, электр зымдары үзүлгөн. Жол жабылган.

Жагдайды билиш үчүн райондун акимине байланышууга мүмкүн болгон жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы аймактагы абалдын чоо-жайы жакын арада такталаарын билдирди.

Алайкуу аймагы - Кыргызстанда калың кар түшкөн жерлердин бири. (SE)