Кылмышка шектелген өспүрүмдөр үчүн психологдор жетишсиз

Иллюстрация

Акыйкатчы институту, эл аралык уюмдардын колдоосу менен “Ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын укугун коргоо” жана “Мыйзам бузган балдардын укугу” темасында эки отчет даярдады. Ага ылайык кылмыш жообуна тартылган балдардын 30 пайыздан ашууну ата-энеси миграцияда жүргөндөр экени аныкталды.

Ал эми жетим балдар үйүндө жашаган 11 миң 422 баланын беш пайызы гана тоголок жетим болуп чыккан.

Ички иштер министрлигинин коомдук тартипти көзөмөлдөө бөлүмүнүн өкүлү Рашид Карабаев “Азаттык” радиосуна 2017-жылы кылмыш иши козголгон өспүрүмдөрдүн саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп экенин айтып, жалпы эсеп 800дөн жогору экенин билдирди.

Карабаев ылмыштын алдын алуу жана сот жообуна тартылган балдарга психологиялык жардам Ош, Бишкек шаарларында эле көрсөтүлүп, калган региондордо адистер жетишсиз экенин кошумчалады. (BCh)