Былтыр 1400гө жакын кыргызстандык жигит чет элдик кыздарга үйлөнгөн

2017-жылы 1394 кыргызстандык жигит чет элдик кызга үйлөнүп, Кыргызстанда никесин каттаткан. Ошол эле кезде 1141 кыргызстандык кыз чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыккан. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов “Азаттык” радиосуна кабарлады.

- Биздин анализге ылайык, кыргызстандык кыз-жигиттер 54 мамлекеттин жарандары менен никеге турган. Буга коңшу мамлекеттерден тартып, Жапония, Филиппин, Йордания, Сингапур, Греция, Марокко, Мексика, Хорватия, Латвия, Шри-Ланка, Швеция, Австрия деген мамлекеттерге чейин бар. Ошол эле учурда чет жакка барып никеге турган кыздар-балдар жок эмес, бирок алардын санын билбейбиз.

Эржигитовдун айтымында, жылына 2 миңдин тегерегинде мамлекеттер аралык никеге туруу катталат.

Былтыр күзүндө Бишкекте башка улуттагы күйөөсү менен кетип баратканы үчүн зомбулукка кабылган келин тууралуу тасма коомчулукта кызуу талкууга түшүп, ача пикирди жараткан. Буга чейин Ош шаарындагы мечиттин имамы студент кыздарды чет өлкөлүктөргө турмушка чыкпоого үндөгөн эле.(КЕ)