“Мегакомду” баалоо боюнча жаңы тендер жарыяланат

"Мегаком" компаниясы.

"Мегаком" соода маркасы менен белгилүү "Альфа Телеком" компаниясынын баасын аныктоо боюнча жаңы тендер жарыяланат. Бул тууралуу бүгун парламент жыйынында Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Ренат Түлөберидев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Буга чейин ал “Мегакомду” сатып алууга төрт чет элдик компания кызыгып жатканын билдирген.

Кыргыз өкмөтү "Альфа Телеком" компаниясын алгач 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери үч сыйра сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. 2017-жылы анын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго бааланып, түз сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Анын баасын бычуу мөөнөтү 2-мартта бүткөн. (КЕ)