Кыргызстанда соттогу кемчиликтер тууралуу спектакль даярдалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соттогу кемчиликтерди, укук бузуу фактыларын баяндаган атайын спектакль даярдалды.

"Уурдалган тоок" деген сахна оюнунун идеясы "Көчмөн" коомдук фондуна таандык. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Улан Үсөйүн "Азаттыкка" билдирди. Спектакль Бишкектеги "Туңгуч" театрында 29-мартта бир күн коюлат.

Уюштуруучулар сот залы адилеттиктин чордону болушу керек экенин, жарандар соттон чочулабай, аны маселе чечүүчү мекеме катары кабыл алышы зарылдыгын көрсөтүп беришмекчи.

- Биз спектакль аркылуу соттордун, адвокаттардын, прокурорлордун катасын көрсөтүп беребиз. Аягында эксперттер элге маалымдоо иретинде соттордун кийимин, алардын үстөлү эмне үчүн бийик болорун, артындагы герб менен туунун маанисин, эмнеге бийликтин бир бутагы экенин түшүндүрүп беришет, - деди Үсөйүн.

Долбоорду Британия элчилиги, БУУнун Өнүктүрүү программасы колдоого алган. Спектакль мыйзам чегинде болуп, башкалардын ар-намысына шек келтербеши үчүн юристтер карап чыгышкан.

Кыргызстанда коомчулук арасында "соттор адилетсиз" деген дооматтар көп айтылып жүрөт.

Быйыл марттын башында адвокаттар жана жарандык активисттер паракор, адилетсиз жана мыйзамга каршы иштеген соттордун "кара тизмесин" түзүүгө киришкен. (SE\SA)