НАТО Орусиянын туруктуу өкүлчүлүгүндөгү жети дипломатты чыгарат жана дагы үчөөнө аккредитация бербейт. Бул тууралуу Түндүк альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг шейшембиде билдирди. Брюсселде орус миссиясындагы кызматкерлердин саны 30дан 20га түшөт.
Столтенберг дипломаттарды чыгаруу Европа биримдигинин өлкөлөрү жана АКШ көргөн чаралардын алкагында ишке ашып жатканын белгиледи. «Биз Орусияга өз жүрүм-турумунун баасын билсин» деп жатабыз деди Столтенберг. Ошол эле маалда аскерий альянстын Орусияга жалпы саясаты өзгөрбөй турганын кошумчалады.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги «Москва НАТОнун чечимине сөзсүз жооп берерин» орус маалымат каражаттары жазышты.
2009-жылы НАТО Орусиянын туруктуу өкүлчүлүгүнөн эки кызматты тыңчылыкка айыптап чыгарган.
26-мартта Евробиримдикке кирген 15 өлкө, АКШ, Канада, Норвегия, Албания, Македония жана Украина да Лондонго тилектештигин билдирди. Жалпысынан бул өлкөлөрдөн 140 орус дипломаты чыгарылат.