Кемерово облусунун губернатору Аман Тулеев 64 адам каза тапкан соода борборундагы өрт үчүн президент Владимир Путинден кечирим сурады. «Биздин аймакта болгону үчүн жеке сизден кечирим сурайм» деди Тулеев Кемерево шаарындагы президент катышкан жыйында.
Кемероводо шейшембиде эртең менен алдын ала пландалбаган митинг башталып, ага миңдеген шаардыктар чыгышты. Чогулгандар соода борборундагы өрттөн канча киши өлгөнүн так айтууну бийликтен талап кылышты.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Тулеев шаардыктардын митинги тууралуу Путинге маалымат берип жатып, «оппозициялык күчтөр дароо пайда болуп, үймө үй кыдырып, жакын жайгашкан ишканаларга, турак-жай секторуна барып жатышат. Бүгүн ал жерде 200дөй киши чогулду. Алар өлгөндөрдүн туургандары деле эмес. Биз алар менен иштешип жатабыз» - деген Тулеевдин сөзүн Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
Шаардагы митингге губернатор барган жок. Анын орун басары Сергей Цивилев курман болгондордун жакындарынан тизелеп кечирим суроого мажбур болду.
Вице-губернатора Сергей Цивилев встал на колени перед жителями города на митинге и попросил прощения #кемерово pic.twitter.com/QNJXgzhIec
— N A R A N (@naran_official) 27 марта 2018 г.
«Силер трагедиядан өзүңөргө ат жасап жатасыңар» деген аткаминердин сөзүнө жергиликтүү тургун Игорь Востриков өрттө анын үч жаш баласы, аялы, карындашы өлгөнүн айтып жооп кайтарды.