Кара-Кулжадагы жер көчкү таза суунун түтүгүн бузду

Кара-Кулжадагы жер көчкү.

Премьер-министр Сапар Исаков Кара-Кулжада көчкү тосуп калган жерди тазалап, элге ичүүчү суу жеткирген түтүктү оңдоону тапшырды. Өкмөт башчы 27-мартта Кара-Кулжадагы көчкүнүн кесепетин жоюу боюнча кеңешме өткөрдү.

26-мартта Оштун Кара-Кулжа районуна караштуу Биринчи май айылында 30 куб метр жер көчкү түшуп, калкка таза суу жеткирген түтүктү бузган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги оңдоо иштери жүрүп жатканын билдирген.

Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев кырсык болгон жердеги 500 метр түтүктү оңдоо зарыл экенин белгиледи.

Жер көчкү адам өмүрүнө зыян келтирген жок. (SE)