Ташкент ооган өкмөтү менен "Талибанга" арачы болгусу келет

Ооган президенти Ашраф Гани менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги конференцияда. 27-март, 2018-жыл.

Өзбекстан ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн уюштурууну сунуш кылды. Бул тууралуу өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентте өтүп жаткан Ооганстан боюнча эл аралык конференцияда билдирди.

«Биз бардык шарттарды түзүп, Өзбекстандын аймагында Кабул менен талибдердин ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү уюштуруп берүүгө даярбыз», - деди Мирзиёев.

«Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Ташкентте өтүп жаткан конференцияга катышпай турганын билдирген.

Ташкенттеги иш-чара 28-февралда ооган президенти Ашраф Ганинин ​талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн эч кандай шарт койбостон баштоону сунуш кылган демилгесинен кийин өтүп жатат.

Саясий эксперттердин баамында, Өзбекстандын бийлик башына 2016-жылдын соңунда келген президент Мирзиёев өлкөсүнө четтен инвестиция тартуу максатында Ташкенттин эл аралык аброюн көтөргүсү келет.

Ташкенттеги жыйынга Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини жана Орусиянын, Кытайдын, Түркиянын, Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери катышты.