Сауд Арабия Йемендеги хусит козголоңчулары учурган жети ракетаны атып түшүрдү. Бул тууралуу Саудиянын телеканалдары 26-мартта кабарлашты. Ракеталар баш калаа Эр-Риядды жана дагы үч аймакты бутага алган. Асмандан чачырап түшкөн ракета сыныктары борбор шаардын четинде бир кишинин өмүрүн алып, эки адам жарадар болгону да маалымдалды.
Ал эми Йемендеги хуситтерге тиешелүү телеканал ракеталар Эр-Риядагы Падыша Халид атындагы эл аралык аэропортту көздөй атылганын билдирди.
Сауд Арабия, АКШ жана Израил Тегеранды хусит козголоңчуларын курал менен жабдып жатат деп айыптап келет, ал эми Иран андай дооматтарды четке кагууда.
Саудия башында турган араб мамлекеттеринин коалициясы Йемендеги 2014-жылы башталган жарандык согушта өкмөттүк күчтөргө жардам көрсөтүп, хусит козголоңчуларына каршы абадан сокку уруп келет.