"Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюму президент Сооронбай Жээнбековго, эл аралык уюмдарга кайрылды. Анда Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелип, укук коргоочулар менен журналисттерге каршы миллиондогон доо арыздар уланып жатканы айтылат. Кайрылуу ээлери президент менен эл аралык уюмдарга сөз эркиндигинин абалы боюнча ачык билдирүү менен чыгып, укук коргоо органдарын бул өңдүү тажрыйбадан баш тартууга жана басымды токтотууга үндөөгө чакырган.
Аталган уюм журналисттерге, укук коргоочуларга карата басым уланып жатканына “Дан” мамлекеттик ишканасынын башкы директору, КСДП партиясынын мүчөсү Алга Кылычовдун доо арызын мисал келтирген. Кылычов буга чейин «Kyrgyztoday» сайтынын ээси Бегалы Наргозуев менен жарандык активист Мавлян Аскарбековго каршы сотко кайрылып, ал порталда эки жыл мурун чыккан материал үчүн 70 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн. Ал макала жеке өзүнүн гана эмес, ал жетектеген “Бириккен элдик кошуундардын” да аброюна шек келтирди деп эсептейт. Аскарбеков Кылычовдун арызын күч түзүмдөрүнүн “атайын буюртмасы” деп баалап жатат.
"Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" мүчөсү Бегалы Наргозуев Кылычовдун арызына байланыштуу алгачкы жараян Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 20-мартта болгонун билдирди. Кийинки жараян 17-апрелде болот. (NT)