Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоого 10 миллион сом бөлүнөт

Чолпон-Атадагы ипподромдун курулуш иштери. 2016-жыл.

Чолпон-Атадагы ат майданды оӊдош үчүн бюджеттен 10 миллион сом бөлүнөт. Өкмөттүн мындай чечимин бүгүн Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети колдоду.

Ипподром быйыл сентябрда Ысык-Көлдө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүш үчүн оңдолоору белгилүү болду. Финансы министри Адылбек Касымалиев комитет жыйынында маалымат берип жатып, ат майданды оңдоого кетчү каражаттын булагы анык экенин айтты.

2014-жылы сентябрда болгон алгачкы Көчмөндөр оюндарын утурлай Чолпон-Атадагы ат майданды куруу иштери ошол жылы июль айында шашылыш башталган. "Убакыт аз" деген негиз менен оңдоп-түзөө иштери долбоорлоо документтерин даярдабай туруп жүргүзүлгөн.​ (NT)