Синоптиктер шашылыш эскертүү берип, 28-мартка чейин Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүлөрүн билдиришти. Өлкө аймагында жамгыр жаап, Чүй жана Талас облустарынын тоо этектерине, тоолуу райондорго кар жаайт. Айрым жерлерде нөшөр болот. Тоолуу жолдордо муз тоңот.
Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жолдоруна кар көчкү түшүшү мүмкүн.
27-мартта көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 10...15,
Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 9...14,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13,
Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...+3°.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили жамгыр жаайт, нөшөр болот. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 13…15 градуска чейин жогорулайт.