Израил Газада ХАМАС кыймылына абадан сокку урду   

Израилдин F-35 үлгүсүндөгү аскердик учагы.

Израилдин аба күчтөрү 25-мартка караган түнү Газа секторунда ХАМАС кыймылына сокку урду. Израилдин куралдуу күчтөрүнүн өкүлү "аба соккусу Газа секторунун түштүгүндө жайгашкан Рафахтагы террордук ХАМАС кыймылынын комплексине урулду" деп билдирди.

Газадагы палестиналык булактар учактар ХАМАСтын базасына сокку урганын, бирок курмандыктар жоктугун, кыйроолор болгонун маалымдады.

Израилдин соккусу күйүүчү зат куюлган бөтөлкөлөрдү көтөргөн төрт палестиналык ишембинин кечинде Газа секторунун Киссуфим аймагында чек араны бузгандан кийин жасалганын израилдик "Гаарец" гезити армиянын өкүлдөрүнө таянуу менен билдирди. Палестиналыктар чек арада машинени өрттөөгө аракеттенгенин Израил армиясынын басма сөз катчысы Франс-пресс агенттигине кабарлады.

Израил бул үчүн Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылын күнөөлөп жатат.